Ͽ

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Scopus ийгилигине жетишкен студенттерди кабыл алды


  • 2026-05-13

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Scopus индекстелген илимий журналда кыргыз тили үчүн жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү темасындагы макалалары жарыяланган Инженерлик факультеттин Компьютер инженерлиги бөлүмүнүн бакалавр студенттери Ислам Жеңишбеков жана Жоомарт Суранбаевди өзүнүн иш бөлмөсүндө кабыл алып, куттуктады.

Студенттердин биргелешип даярдаган “Bridging the Gap in Less-Resourced Languages: Building a Benchmark for Kyrgyz Language Models” аттуу изилдөө аз ресурстуу тилдердеги чоң тил моделдеринин (Large Language Models – LLMs) иштөөсүн баалоо процесстерин караган. Изилдөөдө учурдагы көп тилдүү баалоо системаларынын көпчүлүгү англис тилине негизделген котормо ыкмаларына таянып келери, мунун натыйжасында максаттуу тилдин маданий жана тилдик өзгөчөлүктөрү жетиштүү деңгээлде чагылдырылбай калып жатканы баса белгиленди.

Изилдөөнүн алкагында кыргыз тилиндеги жасалма интеллект моделдерин баалоого багытталган алгачкы кеңири комплекстүү өлчөө платформасы — KyrgyzLLM-Bench иштелип чыкты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук окуу программасынын негизинде көп варианттуу суроолордон турган KyrgyzMMLU, окуп түшүнүүнү баалоочу маалымат топтому KyrgyzRC, ошондой эле логикалык жыйынтык чыгаруу, математикалык маселелерди чечүү жана тилди түшүнүү тапшырмаларын камтыган кошумча тесттик маалымат топтомдору түзүлдү.

Изилдөөдө ачык булактуу жана коммерциялык жасалма интеллект моделдеринин кыргыз тилиндеги көрсөткүчтөрү салыштырылып талданды. Алынган жыйынтыктар кыргыз тили боюнча жүргүзүлгөн жасалма интеллект изилдөөлөрүндө моделдердин мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген алгачкы кеңири натыйжалардын катарына кирери белгиленди. Жалпыга ачык түрдө жарыяланган маалымат топтомдору жана баалоо инфраструктурасы келечекте кыргыз тилине багытталган жасалма интеллект изилдөөлөрүнө олуттуу салым кошору күтүлүүдө.

Студенттерди кабыл алып, куттуктаган ректор Жейлан, бул академиялык жетишкендик университеттин эл аралык илимий көрүнүктүүлүгү менен бирге  кыргыз тилинин санариптик технологиялардагы өкүлчүлүгү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ректор QS World University Rankings рейтингиндеги өсүш университеттин изилдөө мүмкүнчүлүктөрү, илимий өндүрүмдүүлүгү жана эл аралык багыттагы көз карашы менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтып, студенттердин сапаттуу илимий эмгектери КТМУнун дүйнөлүк академиялык абалын дагы бекемдерин белгиледи.

    Социалдык медиада бөлүшүү