Ͽ

КТМУ жетекчилиги Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Омурзаковага куттуктоо сапары менен барышты


  • 2026-09-18
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Омурзакованы зыярат кылып, жаңы кызматы менен куттукташты.

Жолугушууга Улуттук тарых музейинин окумуштуу катчысы Белек Ражапов, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Алтынай Турдукожоева жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гулира Абдылдаева да катышты.

Жолугушууда профессор Алпаслан Жейлан жана доцент Алмаз Ибраев Назгүл Омурзакованы жаңы кызматы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалашты. Назгүл Омурзакова да ректор, профессор Алпаслан Жейланды музейде кабыл алганына кубанычта экенин билдирди.

Профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн маанилүү музейлеринин бири болгон Улуттук тарых музейинде болуу кубанычын билдирип: «Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары музейибизди ар дайым колдойбуз. Университетибизге кандай милдет жүктөлбөсүн, аны кубаныч менен аткарууга даярбыз», — деди. Зыяраттын жүрүшүндө Улуттук тарых музейи менен КТМУнун ортосунда келечекте ишке ашырыла турган кызматташтык жана биргелешкен иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Эки тарап тең өзгөчө тарых, археология жана маданий мурас тармактарында биргелешип иштөөгө жана орток долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда профессор Алпаслан Жейлан өзүнүн жаңы төрт томдук «Эрзурум музейинин археологиялык эмгектер каталогу» аттуу эмгегин тартуулады. Андан соң өз ара китеп тартуулоо аземи өттү. Омурзакова да ага Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына карата атайын басылып чыккан «Кыргыз элинин көөнөргүс мурастары» аттуу альбом-китебин белек кылды.

Жолугушуу тараптардын эстеликке сүрөткө түшүүсү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү