ºÚÁϿÆ

КТМУнун Спорт илимдери факультетинде ант берүү аземи болуп өттү


  • 2026-11-06

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Спорт илимдери факультетинин 1-курстун студенттеринин ант берүү жана ийгиликтүү спортчуларды куттуктоо аземи өткөрүлдү. Иш-чарада студенттер жана спортчулар менен катар түрдүү уюмдарга салым кошкон студенттерге да сыйлыктар тапшырылды.

Биринчи проректор студенттерге ийгилик жана жоопкерчилик жөнүндө кайрылуу жасады

КТМУнун биринчи проектору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Спорт илимдери факультетине кабыл алынган биринчи курс студенттерин куттуктап, университеттин билим берүү түшүнүгү жана студенттердин жоопкерчиликтери тууралуу пикирлерин билдирди.

Университеттеги билим алуу жөн гана академиялык билим алуу менен чектелбей турганын баса белгилеген Ибраев, студенттердин адеп-ахлактык баалуулуктар жана коомдук жоопкерчилик сезими менен тарбияланышы маанилүү экенин айтты. Ибраев студенттерге кайрылып: «Келечекте мамлекеттин жоопкерчилигин да тарта турган жаштарсыздар», – деди.

Ибраев аземге катышып, студенттердин кубанычына ортоктош болгон Советтер Союзунун доорундагы төрт жолку дүйнө чемпиону жана Олимпиада чемпиону, кыргыз атлетчи Каныбек Осмоналиевге ыраазычылык билдирди.

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевден студенттерге шыктандыруучу сөз

Аземде студенттер менен жолуккан «Манас» орденинин I жана III даражаларынын, СССРдин «Кызыл Туу Эмгек» орденинин жана «Данк» медалынын ээси, төрт жолку дүйнө чемпиону жана Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев биринчи курс студенттерин куттуктап, ийгилик каалады.

Осмоналиев студенттер университет жылдарын туура пайдаланып, билим жана тажрыйбасын өркүндөтүп, мекени үчүн эмгектениши керектигин белгиледи. Кыргызстан менен Түркиянын маданиятын, спорттук жетишкендиктерин жана улуттук баалуулуктарын чагылдыруу чоң жоопкерчилик экенин баса белгиледи. Студенттерге университет жашоосу бою мекенчилдик сезимин сактап калуу чакырган Осмоналиев, үй-бүлөдөн башталган баалуулуктар коом жана өлкө үчүн маанилүү негиз түзөрүн билдирди.

Спорт дүйнөсүнүн маанилүү өкүлдөрүнөн студенттерге куттуктоо

Аземде эркин күрөш багыты боюнча Дүйнө жана Азиянын коло медаль ээси, эл аралык деңгээлдеги спорт чебери Малик Шаваев студенттерди куттуктап, ден соолук жана ийгилик каалады.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча Азия оюндары жана дүйнөлүк деңгээлде ийгиликтерге жетишкен Сүймөнкул Таабалды уулу да студенттерге ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

Абдырахманова: «Факультетибиздин чоң үй-бүлөсүнө кош келдиңиздер»

Спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Джипаркуль Абдырахманова 1-курстун студенттеринин факультетке кабыл алынышы аларга өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Спорт илимдери факультети тартип, эмгек жана биримдикке негизделген билим берүү чөйрөсү экенин белгилеген профессор Джипаркуль Абдырахманова илимий билим менен спорттук жетишкендиктер бириккен бул факультет студенттерге тынымсыз эмгектeнүүнү, өздөрүнө ишенүүнү жана максаттарына жетүүнү үйрөтө турган жай экенин айтты.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү улуттук жана эл аралык деңгээлде, билим берүү мекемелеринде, мамлекеттик органдарда жана спорт уюмдарында көрсөткөн ийгиликтери менен университеттин атын бийик көтөрүп жатканын белгилеген Абдырахманова, жаңы студенттер да бул ийгиликтерди улантарына ишенимин билдирди. Студенттерге дем-күч, ынтымак жана чоң ийгиликтерди каалап, аларды Спорт илимдери факультетинин үй-бүлөсүнө кошулушу менен куттуктады.

Символикалык билим жана спорт ачкычтары 1-курстун студенттерине тапшырылды

Университет жана факультет жашоосунун символу болгон билим ачкычы менен спорт ачкычы 1-курстун студенттерине тапшырылды. Даярдоо курсун ийгиликтүү аяктаган Нурайым Акыбаева жана Актилек Мусаевге символикалык билим ачкычы тапшырылды.

2026–2027-окуу жылында 3,95 орточо балл көрсөткүчү (GPA) менен ийгиликке жетишкен Анара Шакирова менен Айтолкун Максатбековага белектери тапшырылды.

2026-жылдын ийгиликтүү спортчулары сыйланды

Аземде 2026-жылы спорттук жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн студенттер да сыйланды. Самбо түрү боюнча Кыргызстандын спорт чебери жана улуттук курама команданын мүчөсү Аида Асанбекова менен жаа атуу спорту боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Мухаммед-Ислам Алманбек уулу жылдын ийгиликтүү спортчулары деп жарыяланды. Аида Асанбекова самбодогу спорттук ийгиликтери менен көзгө урунса, Мухаммед-Ислам Алманбек уулу эл аралык жаа атуу мелдештериндеги жетишкендиктери менен алдыңкы катардан орун алды.

Алманбек уулу 2024-жылы Ирактын Багдад шаарында өткөн Азия Кубогуна, ошол эле жылы Грузиянын Батуми шаарындагы «Хатуна» эл аралык турнирине катышып, командалык эсепте биринчиликти жеңип алган. 2025-жылы Сингапурдун Букит Гомбак аймагында өткөн Азия Кубогуна, 2026-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Невские стрелы» турнирине жана Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өткөрүлгөн Азия оюндарына катышкан.

Ийгиликтүү спортчуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

КТМУ командасы «Palan Extreme» жарышында үчүнчү орунду ээледи

Аземде КТМУ командасынын 2026-жылы Эрзурум шаарында өткөрүлгөн Эл аралык «Palan Extreme» жарышмада жетишкен ийгилиги жөнүндө да айтылды. Ректор, профессор Алпаслан Жейландын колдоосу менен жарышка катышкан университеттин командасы аталган жарышмада 3-орунга татыктуу болгон.

Ийгиликтүү команда мүчөлөрү Бекрурхан Бахтияров, Саида Мамбетказиева, Аида Асанбекова, Расул Жолдошев жана Даргебийбоола Нусупов менен делегация башчысы Айдар Ахматовго ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

КТМУнун студенттери спорттук ийгиликтери менен катар коомго кошкон салымдары менен айырмаланып турат

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде студенттердин жалгыз гана спорттук жетишкендиктери эмес, коомдук ишмердүүлүккө жана социалдык жоопкерчилик иштерине кошкон салымдары да жогору бааланууда. Бул багытта «Демилгелүү жаштар» коомдук фондунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан КТМУнун студенттери Оңолбеков Адылбек, Совхозбеков Атай, Садраддин Афлатунов, Жеңишов Бекзат жана Каржаубай Нуриддинге белектери тапшырылды.

Бул сыйлоо аземи КТМУнун студенттери спорттон сырткары социалдык жоопкерчилик, ыктыярчылык тармактарында да активдүү роль ойноорунун далили болуп саналат. 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү