Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган маалыматтык семинар өткөрүлдү. Семинарда студенттерге үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, киберкылмыштуулуктан сактануу жана баңгизат каражаттарын колдонуунун алдын алуу тууралуу маалымат берилди. Министрликтин адистери жана университеттин медициналык борборунун дарыгери студенттер туш болушу мүмкүн болгон коркунучтар, ошондой эле мындай учурларда кайсы мекемелерге кайрылуу керектиги жөнүндө айтып беришти.
Зомбулукка кабылган адамдардын укуктары жана жардам алуу жолдору түшүндүрүлдү
Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги Эрмек Матиев үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, зомбулук көрсөткөн адамдардын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги жана жабырлануучуларга көрсөтүлүүчү жардам тууралуу маалымат берди. Ошондой эле зомбулукка кабылган адамдарды коргоого багытталган мыйзамдык чараларга токтолуп, адамды туруктуу көзөмөлдөөнүн (сталкинг) жабырлануучуга тийгизген таасирин жана анын укуктук кесепеттерин түшүндүрдү.
Матиев зомбулук фактылары катталган учурда убакытты өткөрбөстөн укук коргоо органдарына кайрылуу зарылдыгын баса белгиледи. Семинардын жүрүшүндө темага байланыштуу кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлдү. Суроо-жооп бөлүгүндө милициянын полковниги Марлис Каратаев студенттердин сексуалдык ыдыкка каршы күрөшүү, балдардын укуктары жана зомбулуктун алдын алуу боюнча суроолоруна жооп берди.
Интернеттеги алдамчылык жана жеке маалыматтардын коопсуздугу талкууланды
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлү, милициянын подполковниги Азамат Алиев интернеттеги оюндар учурунда жаралышы мүмкүн болгон коркунучтар, жардам чогултуу шылтоосу менен жасалган алдамчылыктар жана телефон аркылуу алдоо ыкмалары тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары, жасалма интеллект жана санариптик коопсуздук маселелерине токтолуп, студенттерге интернет мейкиндигинде жеке маалыматтарын жана аккаунттарын коргоо боюнча пайдалуу кеңештерин берди.
Тамекинин, алкоголдун жана баңгизаттардын ден соолукка тийгизген зыяны айтылды
КТМУнун Шейит Эрен Бүлбүл атындагы медициналык борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Дөөлөтбек Абдижапар уулу «Зыяндуу адаттарга каршы күрөшүү» аттуу баяндамасын сунуштады. Анда тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонуу адамдын ден соолугуна кандай зыян келтирери тууралуу маалымат берди. Ошондой эле зыяндуу адаттардын алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Иш-чаранын соңунда семинардын уюштурулушуна салым кошкон Ички иштер министрлигинин өкүлү Максат Абдиевге, милициянын подполковниктери Азамат Алиев менен Эрмек Матиевге жана милициянын полковниги Марлис Каратаевге ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды.