Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) студенттердин кийим-кечеге болгон муктаждыктарын акысыз камсыз кылуу максатында уюштурулган «Мээрим үлүшү» дүкөнү атайын иш-чаранын алкагында тааныштырылды.
«Манас» үй-бүлөсүнүн өз ара жардам берүү жана ынтымакташуу түшүнүгүнүн негизинде ишке ашырылган бул демилге студенттерге колдоо көрсөтүү менен бирге, коомдук жоопкерчилик маданиятын өнүктүрүүнү көздөйт.
Профессор Незахат Жейлан: «Чыныгы ийгилик — башкалардын жолуна да жарык чача билүү»
Иш-чарада сөз сүйлөгөн КТМУнун Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейлан жакшылык кылуу адам жашоосуна маани берген эң маанилүү баалуулуктардын бири экенин баса белгиледи. Ал кайрымдуулук материалдык мүмкүнчүлүктөр менен бөлүшүү менен гана чектелбестен, сүйүү, боорукерлик жана жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктар да жүрөктөн жүрөккө жетиши керектигин белгиледи.
Университеттер билим өндүрүлүп, жайылтылган мекемелер гана эмес, адамдык жана коомдук баалуулуктар сакталган жайлар да экенин айткан Жейлан иш-чаранын максатын төмөнкүдөй түшүндүрдү: «Бүгүн уюштуруп жаткан иш-чарабыздын максаты — студенттерибизге колдоо көрсөтүү менен гана чектелбестен, ортобуздагы байланышты бекемдөө жана өз ара жардам берүү маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү».
Доц. докт. Зейнеп Гүлден Өкем: «Бул — туруктуу өз ара жардамдашуунун үлгүсү»
Түркия Республикасынын Бишкектеги элчисинин жубайы, КТМУнун окутуучусу, доц. докт. Зейнеп Гүлден Өкем дүкөндүн ишмердүүлүгүн жогору баалап, долбоорду ишке ашырууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.
Ал коомдук жоопкерчиликке багытталган иштер академиялык жашоонун гана эмес, күнүмдүк турмуштун да маанилүү бөлүгү болушу керектигин белгилеп, бул долбоор Борбор Азияда жана жалпы түрк маданиятында өзгөчө орунду ээлеген ашар салтын улантып жатканын айтты. «Ашар салты Орто Азияда, Кыргызстанда жана жалпы түрк маданиятында бар. Биргелешип бир ишти аткарып, аны абдан жакшы максатка багыттап жатабыз», — деди Өкем.
Ошондой эле ал коомдук жоопкерчилик долбоорлорунда туруктуулуктун маанисине токтолуп, «Мээрим үлүшү» дүкөнүнүн бир жолку кайрымдуулук иш-чарасы бойдон калбастан, көп жылдар бою үзгүлтүксүз иш алып барышы баалуу экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда доц. докт. Зейнеп Гүлден Өкемге университеттин социалдык жана маданий жашоосуна кошкон салымы, көрсөткөн жарандык жоопкерчилиги жана өз ара жардамдашуу рухуна өзгөчө маани бергени үчүн ыраазычылык баракчасы тапшырылды.