ºÚÁϿÆ

​Ректор Жейлан COP31 саммитинде КТМУнун жашыл трансформация багытындагы иштерин тааныштырды


  • 2026-11-18

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын Анталья шаарында өткөрүлгөн COP31 климаттык саммитине катышып, университеттин суу ресурстарын башкаруу, калыбына келүүчү энергия булактарын пайдалануу жана экотутумду коргоо багыттарында жүргүзүп жаткан иштерин тааныштырды.

«Түрк дүйнөсүндөгү жашыл трансформация: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көз карашы» аттуу баяндамасында Алпаслан Жейлан кампуста ишке ашырылып жаткан демилгелерди биргелешкен илимий изилдөө жана билим берүү долбоорлору аркылуу кеңири жайылтууга болорун белгиледи.

Таза энергия жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн биргелешкен изилдөө инфраструктурасын түзүүнү сунуштады

Түрк мамлекеттер уюмунун 2040-жылга чейинки стратегиялык көз карашын жашыл трансформациянын алкагында талдаган Жейлан таза энергия, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, экотутумдарды коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.  Ал көмүртек бөлүп чыгаруунун деңгээли төмөн энергетикалык системалар үчүн биргелешкен изилдөө инфраструктурасын түзүү, айланма экономика принциптерин өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу инфраструктураларды пландаштыруу зарылдыгына токтолду. 

Түркиянын 2053-жылга чейин таза нөлдүк эмиссияга жетүү жана Кыргызстандын 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максаттарын белгилеген Жейлан университеттер илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практикага киргизүү аркылуу бул максаттарга салым кошо аларын айтты.  «Түрк дүйнөсүнүн жалпы жашыл өнүгүү багытына биргелешип өндүрүлгөн билим жана ишке ашырылган чечимдер аркылуу салым кошо алабыз», — деди Жейлан.

Кампуста жылына 10 миллион литр жамгыр суусу топтолот 

Жейлан университеттин кампусундагы жамгыр суусун топтоо системасы аркылуу жылына болжол менен 10 миң куб метр, башкача айтканда, 10 миллион литр суу чогултуларын маалымдады. Аталган система борборлоштурулган суу түтүк тармагынан алынган сууну пайдаланууда 40 пайызга чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин белгиледи. Ошондой эле кампуста күн панелдери менен байланышкан электр унааларын кубаттоочу станциялар орнотулганын айтты. 

Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык багынын 25 миң 400 чарчы метр аянтты ээлеген биринчи этабы аяктаганын билдирген Жейлан, 2027-жылга чейин бакчанын аймагын дагы 37 миң 715 чарчы метрге кеңейтүү пландалып жатканын маалымдады.  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында университеттин кампусунда бак-дарактарды отургузуу иштери уланып жатканын белгиледи.  Мындан тышкары, жер астындагы суулардан мышьякты тазалоо, суунун сапатын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөө жана булгануу коркунучун картага түшүрүү багыттарында жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр тууралуу маалымат берди.

Кампустагы тажрыйбаны биргелешкен практикалык окууларга жайылтуу максаты коюлду 

Ректор Жейлан 105 өлкөдөн 1 745 университет катышкан UI GreenMetric дүйнөлүк рейтингинде КТМУ 487-орунга көтөрүлгөнүн жана Кыргызстандагы биринчи орунун сактап калганын маалымдады. 

Ошондой эле «Орхун» алмашуу программасы жана түрк дүйнөсүндөгү университеттер менен түзүлгөн кызматташтык туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен практикалык окууларды уюштурууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.  Жейлан «Көк-жашыл трансформация» модели аркылуу КТМУ кампуста топтолгон тажрыйбаны түрк жана кыргыз тилдериндеги билим берүү материалдары менен бирге бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү