Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Лефке Европа университетинин (ЛЕУ) ректору, профессор Мехмет Али Йүкселен жана командасы менен жолугушту. Жолугушууда эки университеттин ортосунда 2024-жылы кол коюлган кызматташтык келишиминин алкагында аткарылган иштердин жыйынтыктары талкууланып, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана академиялык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир пикирге келишти.
Учурдагы кызматташтык келишими конкреттүү академиялык иштер менен бекемделет
Ректорлордун катышуусунда өткөн жолугушууда эки университеттин ортосунда 2024-жылы кол коюлган академиялык кызматташтык келишиминин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар, натыйжалар жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушууда биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн санын көбөйтүү, академиялык билим жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, эл аралык илимий басылмаларга жарыялоо жана долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жаатындагы өнөктөштүктү колдоо маселелери талкууланды. Тараптар учурдагы келишимдин алкагындагы кызматташтыкты конкреттүү академиялык иш-чаралар менен бекемдей турган жаңы демилгелерди иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.
Эл аралык жана академиялык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу маселелери талкууланды
Иш сапардын алкагында университеттердин эл аралык деңгээлдеги орду, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугу жана дүйнөлүк жогорку билим берүү рейтингдеринде эске алынуучу академиялык көрсөткүчтөр да талкууланды.
КТМУнун эл аралык жогорку билим берүү рейтингдериндеги ордун бекемдөөгө багытталган институционалдык баалоо жана стратегиялык пландоо иштерине катышкан Инженердик факультеттин деканы, профессор Рита Исмаилова жана Коммуникация факультетинин деканы, профессор Бесим Йылдырым да делегациянын курамында болушту. Сапардын жүрүшүндө коммуникация жана инженерия илимдери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий макалаларды жарыялоо, дисциплиналар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттер жана окутуучулар менен алмашуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле биргелешкен практикалык окутуу программаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча чакан жолугушуулар өткөрүлдү.
Лабораториялар жана саламаттыкты сактоо тармагындагы окуу-практикалык жайлар менен таанышуу
Иш сапардын алкагында Лефке Европа университетинин лабораториялары жана саламаттыкты сактоо тармагындагы окуу-практикалык бөлүмдөрү менен да таанышуу болду. КТМУнун делегациясына университеттин билим берүү жана илимий-изилдөө инфраструктурасы, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык окутуу ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле учурдагы материалдык-техникалык базанын академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн түзгөн мүмкүнчүлүктөрү каралды.
«Түрк дүйнөсүндө академиялык кызматташтыкты бекемдөөнү маанилүү деп эсептейбиз»
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан бул сапар эки университеттин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жагынан маанилүү экенин белгилеп, Түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайлардын ортосунда илимий билим жана тажрыйба алмашууну арттырууга өзгөчө маани берерин билдирди.
Университеттер аралык кызматташтыкты биргелешкен изилдөөлөр жана академиялык жетишкендиктер аркылуу бекемдөө жогорку билим берүүнүн эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн баса белгилеген ректор Жейлан, Лефке Европа университетинин ректору, профессор Мехмет Али Йүкселенге жылуу кабыл алып, өзгөчө сыйы үчүн ыраазычылык билдирди.