Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (KTMУ) Туризм факультети жаңы окуу жылында факультетке кабыл алынган биринчи курстун студенттерин "Туризмге кош келиңиз!" аттуу иш-чарасы менен тосуп алды. Студенттердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана факультетке болгон таандыктык сезимин калыптандыруу максатында уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин билим берүү ишмердүүлүгү тааныштырылып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары темасында музыкалык көрсөтүү жана ар түрдүү сахналык көрсөтүүлөр болду.
“Студенттерибиз Кыргызстандын дүйнөгө таанылуусуна салым кошкон өкүлдөрү болушат”
Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев Туризм факультетине жаңы кабыл алынган студенттер кесипке ээ болуу менен гана чектелбестен, өз өлкөсүн дүйнөгө таанытууда да маанилүү жоопкерчиликти аркалай тургандыгын белгиледи. Ал “Манас” университетинде ала турган билим студенттерге дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүк берерин айтып, бүтүрүүчүлөр өлкөнүн жаратылыш байлыктарын жана маданий баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан маанилүү өкүлдөргө айланарын билдирди.
Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна жана туристтик дараметине көңүл бурган Ибраев студенттер чет тилдерин үйрөнүү менен катар өз өлкөсүнүн тарыхын, маданиятын жана каада-салттарын да терең билиши керектигин баса белгиледи. Ал студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, сөзүн жыйынтыктады.
“Туризм факультети — “Манас”университетинин дүйнөгө ачылган эшиктеринин бири”
Проректор, профессор Исмет Алтынташ “Манас” университетинде жаңы кабыл алынган студенттерди тосуп алуу жана бүтүрүүчүлөрдү узатуу салты университеттин маданиятынын маанилүү бөлүгү экендигин белгиледи. Ал бул салтты ишке ашырууда Туризм факультетинин өзгөчө орду бар экенин айтып, туризм тармагында эмгектенген адистер кесиптик ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдөн келген конокторду кабыл алышарын белгиледи.
Туризм факультетин “Манас” университетинин дүйнөгө ачылган эшиктеринин бири деп мүнөздөгөн Алтынташ студенттер окуу учурунда өздөштүргөн тилдик көндүмдөрү жана кесиптик даярдыгы аркылуу Кыргызстанды таанытууда маанилүү роль ойной тургандыгын айтты. Ал студенттерге кесибин мыкты өздөштүрүп, университеттин атын татыктуу алып жүрүү боюнча кеңештерин берип, студенттерге ийгилик каалады.
Туризм багытындагы билим берүү жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды
Туризм факультетинин деканы, профессор Нурудин Кыдыралиев сөз сүйлөп жатып, факультетке жаңыдан кабыл алынган студенттерди куттуктап, факультеттин билим берүү түзүмү жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал факультетте Ресторан иши жана кулинардык өнөр, Саякат иши жана гид кызматы, Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү аттуу үч бөлүм жөнүндө айтып берип, теориялык билим практикалык сабактар менен толукталарын кошумчалады.
Кыдыралиев студенттер Түркиянын жана Кыргызстандын тармактык уюмдарында өндүрүштүк практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи. Ошондой эле тармактык мекемелер менен кызматташтыктын, академиялык, социалдык жана маданий иш-чаралардын студенттердин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн билдирди.
Факультеттин бөлүмдөрүндө ресторан жана ашкана ишин уюштуруудан тартып туристтик агенттиктердин ишмердүүлүгүнө, туристтик гид кызматынан мейманканаларды башкарууга чейинки ар түрдүү багыттар боюнча адистер даярдаларын айткан Кыдыралиев студенттерге окуу процессинде туризм тармагы менен жакындан таанышууга шарт түзгөн иш-чараларга да токтолду. Бул багытта уюштурулган саякаттар, жарманкелер, семинарлар жана тармак өкүлдөрү менен жолугушуулар тууралуу маалымат берип, “Билим кербени” программасынын алкагында Кыргызстандын түндүк аймагына беш күндүк, ал эми түштүк аймагына алты күндүк окуу сапарлары уюштуруларын белгиледи.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган музыкалык көрсөтүү
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган музыкалык көрсөтүү тартууланды. Анда кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган үй-бүлөлүк окуя аркылуу ар түрдүү өлкөлөрдү камтыган саякат баяндалды. Баланын жарык дүйнөгө келиши менен башталган окуя кийин жаш каармандын Казакстан, Өзбекстан, Россия, Монголия, Индия жана Түркия өлкөлөрүнө жасаган саякатына айланды. Ар бир өлкөнүн өзүнө таандык маданий баалуулуктары музыка, бий жана сахналык өнөр аркылуу чагылдырылды. Бул сахналаштырылган көрсөтүү жаш каармандын Кыргызстанга кайтып келип, ар кайсы өлкөлөрдөн тапкан достору менен өз мекенинде жолугушуусу аркылуу аяктады.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын темасы чагылдырылган бул бөлүмдө өлкөлөрдүн желектеринин коштоосу менен уюштурулган салтанаттуу жүрүштөн кийин улуттук спорт оюндары жана элдик бийлер көрсөтүлдү. Эр эңиш, көк бөрү, кыргыз күрөшү жана кыз куумай сыяктуу улуттук оюндар сахналаштырылып көрсөтүлдү. “Түндүк” аттуу көркөм композиция аркылуу элдердин ортосундагы биримдиктин, ынтымактын жана достуктун мааниси даңазаланды.
Биринчи курстун студенттерине белектер тапшырылды
Иш-чаранын алкагында биринчи курстун студенттерине белектерди тапшыруу үчүн чүчүкулак уюштурулду. Заманбап бий көрсөтүүлөрүнөн кийин экинчи курстун студенттери өздөрү даярдаган белектерин биринчи курстун студенттерине тапшырышты. Программа экинчи курстун студенттери тарабынан аткарылган факультеттин гимни жана катышуучулар үчүн уюштурулган чакан фуршет менен жыйынтыкталды.