Кастамону университетинин Көркөм өнөр факультетинин сүрөт бөлүмүнүн окутуучусу, доктор Сема Каранын эмгектеринен турган көргөзмө түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасын искусство аркылуу бүгүнкү күнгө жеткирүүнү жана өткөндөн келечекке созулган маданий байланыштарды айкын көрсөтүүнү максат кылат.
Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн доктор Сема Кара Бишкекте, ата журтта болуу ал үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп: «Баарыбыз бул жерде орток маданий мурастын урпактарыбыз, балдарыбыз. Ошондуктан көргөзмө мен үчүн абдан маанилүү», – деди.
Көргөзмөгө жалпы 20 эмгеги коюлганын билдирген Кара чыгармалары түрк тамгаларын жана оймо-чиймелерин заманбап искусство тили менен кайрадан чечмелөөнүн негизинде жаралганын айтты. Көргөзмөнүн негизги максатына токтолгон Кара: «Бул көргөзмөдө өткөн менен келечектин ортосундагы орток маданий мурасыбызды жаңы жаш муундарга өткөрүп берүү максат кылдым», – деп белгиледи. Ошондой эле эмгектеринде Анадолу Селчук жана Осмон маданиятына таандык оймо-чиймелерди да колдонгонун айткан Кара тарыхый жана маданий элементтерди абстракциялоо аркылуу заманбап искусство түшүнүгү менен кайрадан иштеп чыкканын кошумчалады.
«Маданий издерибиз жана көрүнүштөр» көргөзмөсү түрк дүйнөсүнүн орток тарыхый жана маданий баалуулуктарын искусствонун универсалдуу тили менен айкалыштырып, көрүүчүлөргө маданий мурас тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет.