ºÚÁϿÆ

Бекем сөөктөрдүн пайдубалы балалыкта түптөлөт


  • 2026-11-21

Сөөктөрүбүздүн өсүп-жетилүүсү аяктаганда эле алардын өзгөрүүсү токтоп калбайт. Өмүр бою жаңыланып туруучу бул жандуу тканды
сактоодо балалык жана өспүрүм курактагы тамактануу менен кыймыл-аракет да чечүүчү роль ойнойт. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) сөз сүйлөгөн профессор Зеррин Орбак сөөктөрдүн бекемдигине ар бир куракта кам көрүү зарылдыгын белгиледи.

Баланын ойноп жатканда секиргени, өспүрүмдүн баскетбол ойногону жана улгайган адамдын тең салмактуулукту сактоочу көнүгүүлөрдү аткарганы — ар кандай куракта бир эле максатты көздөйт: сөөктөрдү жана аларды колдоочу булчуңдарды бекемдөө. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Медицина факультетинде уюштурулган «Балалыктан карылыкка чейин сөөк ден соолугу» аттуу семинарда сөөктүн ден-соолугун кантип өмүр бою сактоого болору талкууланды.

Семинардын баяндамачысы, Ататүрк университетинин педиатрия кафедрасы  профессор Зеррин Орбак сөөктүн өсүп-өнүгүшүнө таасир этүүчү генетикалык өзгөчөлүктөр, тамактануу, физикалык активдүүлүк, D витамини жана гормоналдык тең салмактуулук тууралуу маалымат берди.

«Сөөктөр — организмде тынымсыз жаңыланып турган түзүлүш»

Сыртынан катуу жана өзгөрбөстөй көрүнгөнү менен, сөөктөр  чындыгында тынымсыз жаңыланып турган тирүү ткандар. Эски сөөк тканы бузулуп, анын ордуна жаңысы пайда болот. Ал эми балалык жана өспүрүм куракта өсүү процесси менен коштолгон сөөктүн калыптанышы скелеттин бекемделишине шарт түзөт.

Профессор Орбак бойго жеткенде ээ боло турган сөөк массасынын калыптанышында өспүрүм курак өзгөчө маанилүү мезгил экенин белгиледи. Ошондуктан сөөктөрдүн бекемдигин сактоого багытталган пайдалуу адаттарды карылыкка чейин кийинкиге калтырбоо керектигине токтолду. Балалык жана жаштык мезгилде топтолгон сөөк массасы адамдын кийинки курактагы сөөк саламаттыгына таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат.

Бекем сөөктөр үчүн туура тамактануу жана кыймыл-аракет зарыл

Профессор Орбак сөөктүн өсүп-өнүгүшүндө кальций менен белокту жетиштүү өлчөмдө кабыл алуунун маанисине токтолду. Ал сүт жана сүт азыктары кальцийдин негизги булактарынын катарына кирерин белгилеп, айран жана кефир сыяктуу ачытылган сүт азыктарын да күнүмдүк тамактанууда колдонууга болорун айтты.

Кальций — сөөктүн негизги курамдык бөлүктөрүнүн бири, ал эми D витамини тамак-аш аркылуу алынган кальцийдин ичегилерде сиңишине жардам берет. Ошондуктан сөөктүн саламаттыгын бир гана азык-түлүк менен байланыштырбастан, аны туура жана тең салмактуу тамактануунун алкагында кароо зарыл.

Физикалык активдүүлүк да бул процесстин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Профессор Орбак гимнастика, волейбол, баскетбол, теннис жана футбол сыяктуу сөөктөргө күч келтирүүчү кыймылдарды камтыган спорт түрлөрү сөөктүн өсүп-өнүгүшүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи. Булчуңдардын иштеши жана сөөктөргө ылайыктуу күчтүн түшүшү сөөк ткандарынын бекемделишине өбөлгө түзөт.

Карылыкта булчуң күчү жана тең салмактуулук маанилүү

Жаш өткөн сайын сөөктүн бекемдигин сактоо менен катар булчуңдардын күчүн жана дененин тең салмактуулугун кармоо да маанилүү болуп калат. Профессор Орбак карылыкта булчуң массасын сактоонун жана тең салмактуулукту жакшыртуучу көнүгүүлөрдү жасоонун жыгылып кетүү жана сөөк сынуу коркунучун азайтуудагы маанисин баса белгиледи. Ошондой эле физикалык активдүүлүктүн түрү жана күчү адамдын ден соолугунун абалына жараша тандалышы керектигин айтты.

Мындан тышкары, профессор Орбак тамеки тартуу жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу сөөктөрдүн бекемдигине терс таасирин тийгизерин белгилеп, остеопорозду карылыктын сөзсүз боло турган кесепети катары кабыл албоо керектигине көңүл бурду.

    Социалдык медиада бөлүшүү