ºÚÁϿÆ

Мугалимден багыт алган инсан — өлкөнүн келечеги


  • 2026-11-24

КТМУнун ректору, профессор Алпаспан Жейлан 24-ноябрь — Мугалимдер күнүнө карата кайрылуу жасады. Жейлан өз кайрылуусунда төмөнкүлөрдү билдирди:

"Ар бир адамдын өмүр жолунда өчпөс из калтырган, туура багыт берип, өзүнө ишенүүгө үйрөткөн устаты сөзсүз болот. Айрым учурда бир ооз сөзү менен кайрат берип, айрым учурда али ачыла элек шыгын ойготуп, кээде бир жаштын жашоого болгон көз карашын түп-тамырынан өзгөрткөн мугалимдер — келечегибиздин эң кымбат баалуу куруучулары.

Биз, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, эки бир тууган элдин орток баалуулуктары менен өскөн уул-кыздарды тарбиялап жатып, устаттык өнөрдүн жөн гана сабак өтүүдөн алда канча терең мааниге ээ экенин жакшы билебиз. Ар бир студентибиздин ийгилигинин артында агай-эжейлерибиздин сабыры, жан аябастыгы жана ишеними турат.

Башкы мугалим Гази Мустафа Кемал Ататүрк бизге мурас калтырган агартуу идеалын аздектеп, Түркияда, Кыргызстанда жана түрк дүйнөсүнүн булуң-бурчунда билим менен кошо адамгерчиликти, абийирди, ыйманды жана адеп-ахлакты да кошо үйрөткөн бардык мугалимдерибизди 24-ноябрь — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Арабыздан өтүп кеткен агай-эжейлерибизди сый-урмат жана терең ыраазычылык менен эскерем. Бүт өмүрүн инсан тарбиялоого арнаган бардык билим берүү кызматкерлерине урматымды жана таазимимди билдирем.

Өмүрүбүздө из калтырганыңыздар үчүн, бизге мугалим болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем!"

 

Профессор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү