Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМҮ) ректору, профессор Алпаспан Жейлан 24-ноябрь — Мугалимдер күнүнө утурлай окуу жайдын кампусунда иш алып барган Түркия түркчөсүн окутуу борборунун (ТТӨМЕР) мугалимдери менен жолукту.
Мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган ректор Жейлан билим берүү жаатындагы үзүрлүү эмгектери жана түрк тилин үйрөтүүгө кошкон салымдары үчүн жамаатка ыраазычылык билдирди.
Келечек муундун калыптанышында мугалимдердин орду өзгөчө экенин белгилеген ректор Жейлан: “Келечекке багыт берген, аны калыптандырган — сиздерсиздер. Сиздер “Манас” университети үчүн да абдан баалуусуздар. Университетибиздин жамаатында сиздерди башкалардан бөлүп карабайм. Сиздер өтө жоопкерчиликтүү ишти аткарып жатасыздар. Тилибизди үйрөтүп жатасыздар. Бул — абдан баалуу эмгек”, — деди.
“Түрк дүйнөсүндөгү орток тил — биздин максатыбыз”
Дүйнө жүзүндө болжол менен 300 миллион түрк жашай турганын белгилеп өткөн Алпаслан Жейлан түрк элдеринин ортосунда тилдик жана диалекттик айырмачылыктар болгону менен, аларды орток маданий баалуулуктар бириктирип турарын баса белгиледи.
Түрк республикалары менен түрк элдеринин арасында орток тилди колдонуунун маанилүүлүгүнө токтолгон ректор ар түрдүү түрк тилдерин жана алардын диалекттерин үйрөнүү да маданий байлык экенин белгиледи. Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасы өз ара байланыш жана тажрыйба алмашуу аркылуу келечек муундарга жеткирилиши керектигин айтты.
Бул багытта окутуучулар маанилүү жана ыйык милдетти аркалап жатканын белгилеген Жейлан “Манас” университети мугалимдерди ар дайым колдой турганын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар университет тарабынан түзүлгөн шарттар жана аларга карата көрсөтүлгөн жылуу мамиле үчүн ректор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдиришти.